Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Мамыркулованын адвокаттары, тарапташтары сот залынан чыгып кетишти


Канышай Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жаткан сот отуруму. 2025, 9-апрель, Свердлов райондук соту.
Канышай Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жаткан сот отуруму. 2025, 9-апрель, Свердлов райондук соту.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 9-апрелде Канышай Мамыркулованы кармап кеткен ыкчам кызматкерлердин аракетин мыйзамсыз деп табуу боюнча өтүнүч сотто карала баштаганда адвокаттар жана журналисттин тарапташтары сот залынан чыгып кетишти.

Мунун алдында сот жактоочулардын журналистти суракка алган тергөөчүнүн аракеттерин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчүн четке каккан.

Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркуловасыз улантуу мыйзамсыз экенин айтып, каршылык көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барышканын билдирди:

"Мамыркулова өзү “ыкчам тергөөчүлөрдүн, кызматкерлердин кыймыл аракети мыйзамсыз” деп арыз жазып кайрылган. Сот өзү Мамыркулованын алынып келинишин камсыздабагандан кийин, бизге аны менен сүйлөшүүгө убакыт бербегенден кийин биз, албетте, баш тартып, сот отурумуна катышпайбыз деп чечтик. Мамыркулованы алып келип, анын катышуусу менен карашы керек болчу. Бирок, ошого карабастан, мыйзамды одоно бузуп, өздөрү карап жатат. Азыр процесс уланууда. Бул мыйзамсыз, акылга сыйбаган нерсе болууда".

"Азаттыктын" соттук жараянга катышып жаткан кабарчысынын айтымында, отурум прокурордун, тергөөчүнүн катышуусунда уланып жатат.

Бул жолку сотко Мамыркулова алынып келинген жок. Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркулованын өзү жок өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, аны алып келүү өтүнүчүн келтирген.

Бирок судья процессти Мамыркулова жок улантуу чечимин кабыл алып, отурумду уланткан.

Соттун бул чечиминен кийин жактоочулар сотко жана ишке катышып жаткан прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

Прокурор Мамыркулованын жүйөлөрү өтүнүчтө толук келтирилгенин, андыктан отурумду ал жок эле өткөрө берсе болорун негиз кылууда.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын бөгөт чарасына байланыштуу отурум 9-апрелде 16:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат.

Шаардык милиция Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (AiB/КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG