Кыргызстандын "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек–Кожент–Бишкек багыты боюнча түз аба каттамын аткарып баштады. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын директору Манасбек Самидиновдун Фейсбук баракчасына жазганына караганда, биринчи коммерциялык каттам 8-апрелде болду, мындан ары жума сайын шейшемби күндөрү каттап турат. Келечекте каттамдарды жумасына эки жолу аткаруу пландаштырылып жатканы айтылды.
27-январдан тартып ""Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому болуп расмий өзгөргөн.
2023-жылы “Манас” аэропортунун алдында “Асман эйрлайнс” компаниясы түзүлгөн. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген.
Быйыл 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшкан.
Үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.
Кожент шаарында Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сүйлөшкөн. (КЕ)
Шерине