Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Депутат Сыдыков майыптыгы бар балдар тууралуу айтканы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков парламенттин 9-апрелдеги отурумунда сөз алып, 8-апрелде тармактык комитеттин жыйынында майыптыгы бар балдардын көбөйүп жатканы тууралуу айтканына орус тилинде түшүндүрмө берди.

Ал бир күн мурунку сөзү соцтармактарда катуу талкууланып, аны "фашист" деп атап, Гитлер менен катар коюшканын белгилеп, бирок андай пикир ээлери маселенин маанисин түшүнбөй калышканын айтты.

Депутат майыптыгы бар балдардын көбөйүп жатканы алдын алуу иштери жакшы жүргүзүлбөгөнү үчүн деп билдирди.

"Мен кечээ да айткам, кош бойлуу аялдар түрдүү ооруларды алдын алуу үчүн скрининг, ультра дарт аныктоо сыяктуу изилдөөлөрдөн өтүүсү тийиш. Перинаталдык скрининг Кыргызстанда милдеттүү түрдө киргизилиши керек. Анткени мунун кесепетинен балдар оорукчан төрөлүп, чарчап калышына, тубаса майыптыгы менен төрөлүшүнө алып келет. Мен ушуну айткам".

Бактыбек Сыдыков өнүккөн өлкөлөрдө перинаталдык скрининг жана ата-энелерин генетикалык тестирлөөдөн өткөрүү милдеттүү түрдө, массалык жүргүзүлөрүн белгиледи. Ал аутизм, Даун синдромун, ДЦП жана башка тубаса майыптыкка алып келген оорулардан тышкары дагы көптөгөн илдеттерди алдын алуу мүмкүн болмок деп эсептейт.

Депутат 8-апрелде тармактык комитеттин жыйынында майыптыгы бар балдардын төрөлүшүндө алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги бар экенин айткан. Анын бул сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрымдар Сыдыковду депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылышкан.


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Алардын ичинен 15 миңдейи туруктуу кароого муктаж.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG