Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Депутат Сулайманов кызматтык унаадан баш тарта турганын билдирди


Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламентке бериле турган кызматтык унаадан баш тартарын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында айтып, коомчулуктагы кызуу талкууга байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын тактады.

“Мисалы, мен шайланып келген Шамалды-Сай округундагы мэрдин, айыл өкмөттөрдүн кызматтык унаасы жок болуп атат. Ошондуктан мен кызматтык унаа албайм. Мени популисттик кылып, упай иштеп атат деп ойлобоңуздар. Сыртта журналисттер, эксперттер чыгып, кызматтык унаалардын баасын, “аласызбы-албайсызбы” деп сурап жатышат. Мага деген кызматтык унааны айыл өкмөттөргө, социалдык объектилерге берели”, - деди Сулайманов.

Депутат Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын бир жарым жылдык мөөнөтү калганын белгилеп, башка депутаттарды да кызматтык унаадан баш тартууга чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү боюнча жобону парламент 3-апрелдеги жыйынында жабык карап, кабыл алган. Айрым басылмалар фракциялардын, комитеттердин төрагаларына Lixiang L9, ал эми калган депутаттарга Lixiang L7 үлгүсүндөгү унаа алуу пландалып жатканын жазып чыкты. Кийин парламенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, депутаттарга кайсы үлгүдөгү унаа алынары чечиле электигин кошумчалаган.

Учурда Жогорку Кеңештеги 20 айым депутатка, төрагага жана анын орун басарларына кызматтык унаа каралган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG