Италияда Кыргызстандын 12 жараны сот жообуна тартылып, абакка кесилген. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Кыргыз жарандары кандай кылмыштары үчүн соттолгону айтылган жок.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 8-апрелдеги жыйында Италиянын жана Кыргызстандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.
Соттолгондорду өткөрүп алуу жана берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы аркылуу ишке ашат.
Башкы прокурордун орун басары былтыр чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын ичинен 129у которулганын, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келингенин 14-январда парламентте комитет жыйынында айткан.
Маалыматка караганда, Орусиядан 117, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 киши Кыргызстанга которулду. Соттолгондордун 700дөйү которулуудан өздөрү баш тарткан.
2024-жылдын 1-ноябрына карата маалымат боюнча Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда. (КЕ)
Шерине