Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Forbes: Трамп тариф саясатынан улам жарым миллиард доллар жоготту


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин жарым миллиард доллар жоготконун Forbes жазып чыкты. Басылманын жазганына караганда, Трампка таандык компаниялардын акцияларынын баасы 4,7 миллиард доллардан 4,2 миллиард долларга чейин түштү.

Forbes Трамптын эң чоң жоготуусу анын эң баалуу Trump Media and Technology Group компаниясынын активдерине байланыштуу экенин жазды. Анын наркы акыркы үч күндө 8% түшүп, октябрь айынан берки эң төмөнкү баага жетти. Шаршемби күнү 2,2 миллиард долларга барабар болгон Трамптын үлүшү азыр 2 миллиард долларды түзүүдө.

Америка президентинин коммерциялык кыймылсыз мүлк портфелинин баасы мурда 660 миллион доллар болсо, учурда 570 миллион долларга чейин төмөндөдү.

Мындан сырткары Трамп криптовалютанын баасынын төмөндөшүнөн улам дагы каражатын жоготту, ал кирешесинин бир бөлүгүн ушундай түрдө сакташы ыктымал. Forbes журналынын эсебинде, Трамптын активдери бул багытта аз эле дегенде 240 миллион долларга кемиди.

Трамп 2-апрелде Кошмо Штаттардын бардык соода өнөктөштөрүнө тарифтер киргизилгенин жарыялаган. Ал АКШнын өнөктөш өлкөлөрү америкалык товарлар үчүн өз өлкөсүндө жогорку тарифтерди коюп, ал эми Кошмо Штаттарга төмөнкү тариф менен товарларын сатып, пайдага туйтунган деп эсептейт. Ошондуктан дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөргө “жооп пошлиналарын” киргизүү АКШнын экономикасына, өнөр жайына пайдалуу болорун билдирген.

Көптөгөн экономисттер мындай баага макул эмес, тарифтердин киргизилиши экономикалык байланыштардын бузулушуна, инфляциянын өсүшүнө жана рецессияга алып келет деп эсептешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG