Украин Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный Германиянын Висбаден шаарында АКШ жана Украина ортосунда биргелешкен штаб иштегенин ырастады.
Залужный түшүндүргөндөй, 2022-жылдын апрель айында Штутгарт шаарында Европа командачылыгынын базасында Украинага аскердик жардам жеткирүүнү координациялоочу борбор түзүлгөн.
Ал мындай борборду түзүүгө орус армиясы Украинага кол салгандан кийин өнөктөш мамлекеттердин жардамы кескин көбөйгөнү негиз болгонун белгиледи.
"Биз түрдүү үлгүдөгү курал-жабдык жана техника ала баштадык, бирок алар менен кошо жеткирүү жана оңдоо сыяктуу жаңы милдеттер да жаралды", — деп жазды Залужный.
Бир нече убакыттан кийин бул борбор өз ишин Висбаденде уланткан.
2022-жылдын жайында Батыш өлкөлөрү Украинага жөнөтүлө турган курал-жабдыктын жана ок-дарынын натыйжалуулугу боюнча күмөн санай башташкан. Ошондо операцияларды пландаштырууга жараша зарыл болгон аскердик жабдууларга муктаждыкты аныктап туруучу атайын оперативдик штаб түзүү сунушу пайда болгон.
Залужный бул демилге Улуу Британиянын колдоосу менен ишке ашканын айтты.
"Бул штабда операциялар пландаштырылып, аскердик машыгуулар өткөрүлүп, Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктары аныкталып, андан кийин бул маалымат Вашингтон менен Европанын борбор шаарларына жөнөтүлчү", — деп түшүндүрдү мурдагы башкы колбашчы.
Буга чейин The New York Times басылмасы бир нече булактарга таянып АКШ менен Украинанын өнөктөштүгү тууралуу кенен баяндаган макала жарыялаган. Анда Вашингтон Украинадагы согушка расмий айтылганга караганда кыйла терең аралашып, активдүү катышып келгендиги белгиленген.
Шерине