Мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова өзүнүн сот иштерине чекит коюлуп, айрым эпизоддор боюнча акталганын, айрымдары "мөөнөтү өтүп кеткенине" байланыштуу жаза берилбегенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-апрелде Фейсбуктагы баракчасында түз эфирден маалымдап, колдоп келген тарапташтарына, адвокаттарына ыраазычылыгын билдирди.
"Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн мени Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишиме чекит коюп, мени күнөөсүз деп тапты. Актоо чечими чыкты. Тилекке каршы Азиз Батукаев боюнча актоо чечими чыккан жок. Сот ал ишти "мөөнөтү өтүп кеткендиктен" жаза чегерүүдөн баш тартты. Биз толугу менен актоону күтүп, болгон далилдерибизди келтиргенбиз. Алдыда дагы актыгымды далилдөөгө болгон күчүмдү жумшайм. Бул күндү мен тогуз жыл бою күтүп келгем", - деди Аида Салянова.
Салянованын маалыматы боюнча сот азырынча комментарий бере элек.
Аида Салянова 2016-жылы "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.
Сот чечимин Салянова өзү саясий мүнөздөгү өч алуу катары баалаган. Анын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Натыйжада Жогорку сот 2021-жылы 25-мартта мурдагы чечимдерди жокко чыгарган.
Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишине да айыпталган. Салянова бул ишти да өзүнө каршы саясий куугунтук деп баалаган.
Ал 2011-2015-жылы башкы прокурор, 2010-жылы юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке "Ата Мекен" партиясынан депутат болгон.(ZKo)
Шерине