Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Социал-демократтар партиясынын үч өкүлүнүн соту белгисиз мөөнөткө жылды


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер боюнча соттук отурум 8-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда карала баштап, бирок белгисиз мөөнөткө жылды.

Сот шектүүлөрдүн адвокаттарынын кылмыш ишиндеги айрым далилдерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаар сотунда каралгандан кийин гана уланары айтылды.

Адвокаттардын бул өтүнүчү буга чейин Свердлов райондук сотунда каралып, четке кагылган. Адвокаттар шаардык сотко даттанган.

Социал-демократтар партиясынын лидерине жана эки мүчөсүнө каршы иш боюнча алгачкы соттук отурум 13-мартта болгон. Анда айыпталуучуларга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып угузулганы жана ишке коюлган “жашыруун” делген гриф алынбаганы кабарланган.

Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айткан.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков “Социнтерн” эл аралык бирикмесинин эң жаш вице-президенти. Ал 2021-жылы Социал-демократтар партиясынын төрагасы болуп шайланган. (AiB/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG