“Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 8-апрелде кол койду.
Ага ылайык, террористтик ишти каржылоо, көпчүлүк алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу, уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды (жамааттарды) каржылоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, диверсия боюнча айыпталып соттолгондорго мунапыс берилбейт.
Жогорку Кеңеш мыйзамды 13-мартта кабыл алган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Кылмыш-жаза кодексиндеги мунапыс мыйзамы колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө кээ бир оор кылмыштар кирбей калганын белгилешкен.
Авторлор бул беренелерди мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө киргизүү Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келбей турганын, ошондой эле документти кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганын билдиришкен.
“Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыш жасаган адамдар мунапыс берүү жөнүндө актысы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазадан бошотулушу же аларга дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу каралган. Же болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулат. (КЕ)
Шерине