Бүгүн 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту өгөй атасынын колунан каза болгон 17 жаштагы Дарья Попованын өлүмүнө байланыштуу ишти карап жатат. Бул күнү күбөлөр, маркумдун апасы Маргарита Попованын туугандары, кошуналары суралууда. Алар өткөн жылдын жай айларынан бери кыйкырык, уруш-талаштын доошун угуп келишкенин белгилешти.
Адвокат Ольга Жукова кылмышка шектүү сот отурумдарын үзгүлтүккө учуратуу жана кылмыш ишин кароо процессин атайын создуктуруу аракетин көрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, февраль айынан бери сот бир нече жолу жылдырылган. Ага айыпталуучунун медициналык кароодон өтүп, операция болгону себеп болгон. Дарыгерлер анын ашказанынан бөтөн зат (инородное тело) алынганын билдиришкен.
Маркумдун апасы ишти тезирээк карап, өкүм чыгарууну соттордон суранууда.
Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү Бишкектин четинен табылган. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Маркумдун апасы Маргарита Попова күйөөсү буга чейин дагы өзүнө зомбулук көрсөтүп келгенин, милиция ага коргоо ордерин бергенин билдирген.
Былтыр августтун этегинде Маргарита кызын алып күйөөсүнөн качып кеткен. Бирок Евгений аларды бат эле таап алып, ого бетер коркута баштаган. Маргарита милицияга кабарлап, күзөт ордерин да алган. Анын коопсуздугун камсыздоону убада кылышкан.
Бул факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Дарья Попованын өгөй атасы Евгений аттуу адам 30-октябрда Ысык-Көл облусунан шектүү катары кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Кийин ал өзүнө кол салганга аракет кылганы кабарланган.
Башкы прокуратура киши колдуу болгон 17 жаштагы Дарья Попованын кылмыш иши алардын көзөмөлүндө экенин билдирген.
Бул иш боюнча алгачкы соттук териштирүү январдын башында башталган. (ZhK/KE)
Шерине