Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Путин Фейсбук менен Инстаграмга жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду


Инстаграмдын эн белгиси
Инстаграмдын эн белгиси

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-апрелде өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен байланышкан ресурстарда жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду.

Буга чейин Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусияда экстремисттик, террористтик же "ыңгайсыз" деп табылган уюмдарга байланыштуу ресурстарда жарнама жайгаштырууга болбойт.

Мындай чектөө ошондой эле "кара тизмеге" киргизилген башка интернет-ресурстарга да тиешелүү.

Орусияда Фейсбук жана Инстаграмга ээлик кылган Meta корпорациясы дагы 2022-жылдын март айында экстремисттик уюм деп табылган. Андан тышкары бул эки социалдык түйүн Орусиянын аймагында расмий блоктолгон. Ага карабай колдонуучулар VPN аркылуу кирип, байма-бай колдонуп келишет.

Инстаграмда, тыюу салынганына карабастан, орусиялык блогерлер жарнамалык постторду жарыялоону улантууда.

Орусиянын бийлиги интернеттеги жарнама жайгаштыруу тартибин акырындык менен күчөтүп келет.

Жакында эле күчүнө кирген блогерлердин реестри тууралуу мыйзамга ылайык, 10 миңден ашуун катталуучусу бар, бирок атайын реестрге каттала элек телеграм-каналдарда же коомдук баракчаларда жарнама жайгаштырууга тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG