Кыргызстанда атайын бир айлык алкагында саламаттыгын бекер текшертип алууну каалаган эркектер көбөйгөнүн "Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунан билдиришти. Швейцария өкмөтү каржылаган бул долбоор алкагында "Жоопкерчиликтүү бол!" деген ураан менен жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча бир айлык уюштурулду.
Жергиликтүү медицина мекемелерине кайрылып, ден соолугун текшерткендер быйыл 973 000 эркек жаран болду, алардын 119 600 (12%) кан басымы жогору экени аныкталды. 49 600 (5%) эркекте жүрөк-кан тамыр оорусуна, ал эми 60 800 (6%) кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Адистер аларга илдетти алдын алуу жолдорун түшүндүрүп беришти.
Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аталган акция учурунда медицина мекемелери арасында сынак уюштурулду. Анын максаты гипертония, диабет жана рак сыяктуу жугуштуу эмес ооруларды аныктоо, алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүү болду.
Натыйжада Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору биринчи орунду ээлеп, 200 000 сом утуп алды. Нарын облусунун Жумгал районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору экинчи орун үчүн 150 000 сомдук сыйлыкка татыды. Үчүнчү орун алган Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 100 000 сом тапшырылды.
Ушундай эле бекер акция жыл сайын аялдар арасында да уюштурулуп турат. (RK)
Шерине