Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 19-мартында ратификациялаган. 18-мартта Тажикстандын парламенти да келишимди жактырганы кабарланды.
13-мартта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишимге кол коюлган. "Ынтымак ордодо" өткөн жолугушууда эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон документке кол коюшкан. Жапаров Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарын тарыхый деп атап, кол коюлган документтер эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрөрүн белгилеген.
Тажикстандын президенти Рахмон кыргыз, тажик элдери эзелтен коңшулаш, ынтымакта жашап келе жатканын кошумчалаган.
Кол коюу иш-чарасы аяктагандан кийин ортодогу "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" чек ара бекеттеринин ачылыш салтанаты өткөн.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.
Шерине