Израилдик аскерлер жекшембиде Газа тилкесинин түштүгүнө урган түнкү авиасоккусунан ХАМАСтын (Евробиримдик менен АКШда террордук уюм катары таанылган) жогорку өкүлү Салах ал-Бардавил өлтүрүлгөнүн билдирди.
Буга чейин ал-Бардавилдин аялдары ал каза болгону тууралуу ХАМАСтын өкүлдөрүнө кабар беришкен.
ЦАХАЛдын билдирүүсүндө Бардавил ХАМАСтын аскердик стратегиялык пландоосуна жооп берген бөлүмүнүн башчысы жана топту башкарган саясий бюронун мүчөсү болгон.
Израил авиациясы Газа тилкесинин түштүгүнө гана эмес, түндүгүнө да сокку урду. ХАМАСтын көзөмөлү астындагы Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан 30дай палестин каза болгонун билдирди.
Бул мекеменин маалыматында, Газада Израилдин түштүк районуна кол салган ХАМАСка жооп катары израилдик операция башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери 50 миңдей адам каза тапты, 113 миң адам жарадар болду. "Көбү жай тургундар жана балдар", - деп билдирди министрлик.
18-мартта Израил Газада ок атышууну токтотуу режими ишке кирген эки айдан кийин 7-октябрда туткунга алынгандарды бошотуу талабы менен ХАМАСка каршы аскердик аракетин кайра баштаган. ХАМАС бул талап израилдик аскерлер тилкеден толук чыгып кетип, атышууну токтоткон шартта гана аткарыларын билдирген. Жыйынтыгында Израил жердеги операциясын баштап, жашоочулардын жарымы кайра үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Шерине