АКШнын Колорадо штатындагы эл аралык Денвер аэропортунда American Airlines авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагында өрт чыкты. Бул тууралуу Fox News телеканалы жазды.
Аба майдандын өкүлү телеканалга билдиргендей, өрт жергиликтүү убакыт менен 13-мартта 18:00 чамасында башталган. Жүргүнчүлөр учактын канаты аркылуу эвакуацияланган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
Бул аралыкта ABC News телеканалы АКШнын Федералдык авиация башкармалыгына шилтеме кылып, Boeing 737-800 учагы Колорадо-Спрингс шаарынан Техас штатындагы Даллас шаарына бараткан кезде Денверге мажбур конгонун кабарлады. Буга экипаждын "учак кыймылдаткычы калчылдап жатканы" тууралуу маалыматы себеп болгон.
Учак конуу тилкесине бурулган кезде кыймылдаткычы өрттөнгөн. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары эвакуация учурунда жеңил жаракат алганы болбосо, олуттуу жарадар болгондору жоктугу кабарланды.
Маалыматка ылайык, учакта 172 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон.
ABC New учак таандык болгон компаниянын: "Авиакомпаниябыздын экипаж мүчөлөрүнө, куткаруу тобуна жана тез жардам кызматтарына ыраазычылык билдиребиз. Алар ыкчам жана чечкиндүү аракеттери менен борттогу жана жердеги адамдардын коопсуздугун камсыз кылууну биринчи орунга коюшту", – деген ыраазычылыгын жазды.
Окуянын себеби иликтенүүдө.
25-февралда Африканын чыгышындагы Судан өлкөсүндө аскердик учак кыйрап, 40тан ашуун киши набыт болгон.
25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы кыйрап, борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиядан “күнөөсүн таанууну, күнөөлүүлөрдү жазалоону жана жабыркагандарга кенемте төлөөнү” талап кылган.
Шерине