Атайын операция учурунда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы Дарвоз районунун 20га жакын тургуну камалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды.
Маалыматка караганда, кармалгандардын көбү язгулдар. Алар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ооганстан менен чектеш Бадахшан провинциясынын Ванж аймагындагы Язгулом кыштагынын тургундары. Алардын бир бөлүгү Дүйшөмбү шаарындагы Дарвоз районунда отурукташкан.
"9-мартта жергиликтүү тургундардын биринин тажиясында бир нече адамды кармап кетишти, дагы бир нечесин үйүнөн алып кетишти", - деп айтып берген окуянын күбөлөрүнүн бири.
Камалгандардын айрымдарынын жакындары журналисттерге үч күндөн бери эч кандай маалымат жоктугун билдирди. "Озоди" радиосу менен сүйлөшкөн эки үй-бүлө жергиликтүү милиция же укук коргоо органдары кабар бербей жатканына нааразылыгын билдирген.
Журналисттер бул маалыматты бир нече булактан ырастап, кеминде 16 адамдын аты-жөнүн тактаганы менен тажик бийлиги расмий билдирүү тарата элек. 11-мартта Ички иштер министрлигинин өкүлү Нусратулло Махмадзода Дарвоз раойнундагы камоолор тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.
Тажикстанда язгулдуктарды жапырт камакка алуу биринчи ирет болгон жок. 2024-жылдын май айында Ванж районунда "Язгулом" жамаатынын 27 өкүлү камалганы кабарланган. Андан көп өтпөй Орусия Тоолуу Бадахшандын бир нече тургунун Тажикстанга өткөрүп берген. Аларга "экстремисттик уюмга катышкан" деген айып тагылган.
"Ансоруллах" террордук уюму деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө Тажикстандын Жогорку соту тыюу салган. Анын жактоочуларынын көбү этностук тажиктер экени айтылат. Тажик бийлиги буга чейин Язгулом айылынын ондогон тургуну чет өлкөлөрдөгү экстремисттик топторго кошулганын билдирген. (AiA)
Шерине