27-февралда Францияда Улуттук илимий изилдөө институтунун эки кызматкери Орусиянын Марселдеги консулдугуна кол салуу үчүн 8 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Франциянын эл аралык радиосу маалымдады.
Соттолгондор үй камагына алынып, электрондук билерик тагылат.
Алар 24-февралда Орусиянын Украинага басып киргенине 3 жыл болгон күнү акция учурунда орусиялык дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына суюк азот куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
Бейшембиде сот 48 жана 59 жаштагы эки кишини “кимдир бирөөнүн мүлкүнө кооптуу жол менен зыян келтирүүгө аракеттенүү” жана “жардыргыч заттардды мыйзамсыз чыгаруу” үчүн айыптуу деп тапты.
Айыпталгандар өз күнөөсүн моюнга алышты жана Орусиянын Украинага каршы агрессиясына каршы оюн билдирүү үчүн саясий ишаратка барышканын билдиришти. Илимпоздор мындай аракеттин ыктымал дипломатиялык кесепетин ойлонушпаганын айтышты.
Прокурор дипломатиялык миссияга кол салуу, олуттуу зыян келтирбесе да, эл аралык нормаларды бузуу болуп саналарын белгиледи. Орусиянын консулу окуяны “теракт” деп атап, айыптууларды катуу жазалоого чакырды.
Соттун эмки жылдын 23-январына белгиленген отурумунда консулдукка келтирилген зыянга кенемте төлөө маселеси каралары кабарланды.
Шерине