Күрддөрдүн жумушчу партиясынын (PKK) камактагы лидери Абдулла Өжалан тарапкерлерин куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга чакырды. Анын абактан жазган катын күрддөрдүн таламын талашкан DEM партиясынын депутаттары 27-февралда маалымат жыйынында окуп беришти.
"Бардык топтор куралын ташташы керек жана PKK өзүн өзү таркатышы керек" деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Өжалан саясий максаттарга жетүү үчүн демократияга альтернатива жок экенин баса белгилейт. Ал Түркиянын бийлигин "этникалык азчылыктарга урмат көрсөтүүгө, сөз эркиндигине жана демократиялык укукка ээ болууга" чакырды.
PKKнын мүчөлөрү партиянын негиздөөчүсүнүн чакырыгын аткарабы же жокпу, азырынча белгисиз. Уюмдун башында азыр расмий Анкара террорчулукка айытап, издөө cалган Жемил Байык жана Мурат Карайылан бар.
Өмүр бою эркинен ажыратылган Өжалан 1999-жылдан бери Имрали аралында абакта отурат.
Түркия, АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган PKK көз карандысыздык жана кеңири автономия үчүн күрөшүп, 1984-жылы түрк мамлекетине каршы согуш баштаган.
Анкара менен топ ортосундагы сүйлөшүүлөр 2015-жылы үзгүлтүккө учурап, жаңжал кайра тутанган. Куралдуу тиреш 40 миңден көп кишинин өмүрүн алды.
Соңку айларда ортодогу мамилелер жумшаргандай. Өкмөт күрдчүл оппозициялык DEM партиясынын депутаттарына абакка барып, 75 жаштагы Өжалан менен бир канча жолу жолугушууга уруксат берген.
Сүйлөшүүлөр Түркиянын улутчул партиясынын лидери Девлет Бахчели Өжалан парламентке келип, КЖПнын таркатылганын жарыяласын, аны эркиндикке чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралсын деген сунушунан кийин жанданган.
Өжалан түрктөр менен күрддөрдүн жакындашуусу "тарыхый жоопкерчилик" экенин айтып, Анкаранын жарашуу аракеттерине катышуу ниетин билдирген.
Түркияда учурда жалпысынан 15 миллионго чукул күрд тектүү жаран жашайт. (ElB)
Шерине