Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

Украинанын эки облусу дрон чабуулуна кабылды


Харьков облусу, архивдик сүрөт.
Харьков облусу, архивдик сүрөт.

26-февралга караган түнү Украинада дрон чабуулуна Харьковдогу Киев районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири туш болду. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, Орусиянын чабуулунан кеминде эки адам жабыркады.

Тереховдун айтымында, түн ичинде Харьковдун Киев жана Шевченко райондоруна төрт дрон менен чабуул болгон.

Ошондой эле Орусия 26-февралга караган түнү Украинанын Киев облусуна дрон чабуулун койду. Буча районунда жеке турак жай өрттөнүп, кийин ал жерден каза болгон жергиликтүү тургундун сөөгү табылган.

Ушул эле райондо дагы бир 19 жаштагы кыз жана 44 жаштагы эркек киши да жарадар болгонун аскер администрациясы билдирди. Беш үй кыйрап, бир нече көп кабаттуу үйдүн терезеси сынган.

Көптөгөн далилдер турса дагы орус бийлиги согуш башталгандан бери Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын четке кагууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG