Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев АКШ сунуштаган баалуу кен байлыктар боюнча макулдашууга кол коюуга даяр эмес экенин билдирди.
Ал мындай шартты адилетсиз деп атап, Вашингтон тараптан берилген кайтарымсыз жардамды карыз катары кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу 23-феврадагы маалымат жыйында айтканын “Свобода” радиосу жазды.
Анда Зеленский кен байлыктар боюнча сүйлөшүү Киевдин сунушу менен башталганын, "Украинанын жеңиш планынын” алкагында биргелешип кен казууну сунуштаганын айтты.
“Силер казасыңар, биз бөлүшөбүз. Бирок баарын бизде адилеттик орной тургандай кылгыла. Ушул согушту токтоткула, буга Путинди мажбурлагыла. Анда дагы курал-жарактар, абадан коргонуу системалары жана ушул сыяктуу башка нерселер кирген. Мен баса белгилеп кетем, бул комплекстүү сунуш болгон, бизге коопсуздук кепилдиктери керек, анын ичинде армияны күчөтүү, абадан коргонуу жана Украинанын аба мейкиндигин жүз пайыздык коргоо”, - деди Зеленский.
Президенттин айтымында, АКШнын сунушка берген биринчи жообунда кен байлыктарды тең бөлүштүрүү сунушталган. “Мен “биз мындайга кол койбойбуз” деп айттым. Бизди алдыда эмне күтүп турганын түшүнбөй туруп, жөн эле экиге бөлүп коё албайбыз. Эгерде “оккупацияланган жерлерди бөлүшөбүз, биз кайра калыбына келтирүүгө жардам беребиз, келгиле” дешсе, бул маңыздуу болмок”, - деди Зеленский.
Анын айтымында, Вашингтондун экинчи планы Киевдин көз карашы боюнча АКШга 500 миллиард доллар карыз экенин кабыл алдыруу. Анын айтымында, Киев Вашингтондон болгону 100 миллиард доллар жардам алган. Ал бул каражаттарды кайтаруу керек деп эсептебей турганын, анткени алар кайтарымсыз берилгенин кошумчалады.
Ал белгилегендей, Киев келечектеги жардамды, эгер ансыз мүмкүн эмес болсо, пайызы менен кайтарууга даяр. Бирок эки эсеге көбөйтүлгөн сумманы кайтаруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
"Менде логикалык суроо бар. Бирок ага эч ким жооп бере албайт. АКШ Израилге, Катарга, Сауд Арабиясына, БАЭге курал сатканда, алар 100% пайда табышабы?", – деп суроо салды.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. 2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага кол салып, ошондон бери шаар-кыштактарын талкалап, адамдарын өлтүрүп келатат. Кремл Украинанын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтууда.
Трамп жакында Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атап, үч жылга созулган согуш башталганы үчүн Украина жооптуу экенин айткан. Америкалык лидердин бул сөзү Киевдин, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ Конгрессиндеги жогорку даражалуу республикачы мыйзам чыгаруучулардын тынчсыздануусун жараткан.
Кошмо Штаттардын президенти "Биз короткон бардык акча үчүн алар эч болбогондо бир нерсе беришсе мен согушту жөнгө салып, адам өлүмүн токтотууга аракет кылам. Ошондуктан биз сейрек кездешүүчү металлдарды, мунай жана башка ала алчу нерселерди сурап жатабыз", — деп 23-февралда билдирген.
Шерине