Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Аба ырайы: Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт


21-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 12…14° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG