14-февралга караган түнү Орусиянын дрону Чернобыл атомдук электр станциясынын (ЧАЭС) саркофагына тийди. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Зеленскийдин айтымында, саркофагга «олуттуу» зыян келтирилип, өрт тутанды. Өрт өчүрүлдү, адамдар арасында жабыркагандар катталган жок.
«Радиация фонунун деңгээли жогорулаган жок, ал такай көзөмөлдөнүп турат», — деди Зеленский.
Украин президенти Орусия Украинанын шаарларына жана инфраструктурасына жасаган чабуулдары үчүн жооп бериши керектигин дагы бир ирет кайталады.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) өкүлдөрү өрт чыкканы тууралуу маалыматты тастыктап, радиациянын сыртка чыгуусу катталбаганын кабарлашты.
Украинада беш атомдук электр станциясы бар. Алардын арасынан Чернобыл станциясы 1986-жылы дүйнөлүк атомдук энергетика тарыхындагы ири авариядан кийин жарым-жартылай жараксыз абалда турат. Ал эми Запорожье станциясын 2022-жылы Украинага кол салган Орусия басып алган.
Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери өзөктүк энергетика объектилерине бир нече жолу чабуул жасалган. МАГАТЭ жана дүйнө коомчулугу радиациянын сыртка чыгып, жайылып кетүү ыктымалдыгына байланыштуу тынчсызданып келет.
1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук электр станциясында жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жаап-жашырган, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт. (AiA)
Шерине