Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкция салды


Дональд Трамп жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Дональд Трамп жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

АКШнын президенти Дональд Трамп 6-февралда АКШ жана анын союздаштарын куугунтуктаганы үчүн деген негиз менен Эл аралык кылмыш сотуна санкция салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Документте америкалыктарга же алардын союздаштарына каршы тергөөгө катышкан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө каржылык жана визалык санкциялар колдонулары жазылган.

Жарлыкта Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алуу боюнча негизсиз ордер бергени да айтылат.

Эл аралык кылмыш соту былтыр 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган.

Эл аралык сот жогорудагы аты аталгандарды 2023-жылкы ХАМАСтын кандуу чабуулдары жана Израил андан кийинки Газа тилкесинде согуш кылмыштарын жасаганы үчүн айыптаган.

Судьялар Нетаньяхуну жана Галантты Газа тилкесиндеги карапайым калкка атайылап чабуул коюп, согушту жүргүзүүнүн эл аралык укуктук нормаларын бузган деп тапкан. Эл аралык сот 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейинки кылмыштарды иликтөөнүн негизинде ушундай корутунду чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG