Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Орусияда Украинанын чабуулунан ири заводдо өрт чыкканы кабарланды


Кстово шаарындагы «ЛУКОЙЛ-Нижегороднефтеоргсинтез» заводу. (архивдик сүрөт)
Кстово шаарындагы «ЛУКОЙЛ-Нижегороднефтеоргсинтез» заводу. (архивдик сүрөт)

29-январга караган түнү Орусиянын бир нече аймагы Украинанын масштабдуу чабуулуна туш болгонун "Свобода" радиосу жазды. Маалыматта айтылгандай, Орусия бул апта башталганы ушуну менен мындай соккуга экинчи ирет кабылды, өткөн түнү украин тарап кеминде 100 дрон учурду.

Нижний Новгород облусунун Кстово шаарында дрон чабуулунан "ЛУКОЙЛ-Нижегороднефтеоргсинтез" мунай иштетүүчү заводу, химиялык ишканалар жана жылуулук электр станциясы жайгашкан өнөр жай зонасында өрт чыкты.

"ЛУКОЙЛ-Нижегороднефтеоргсинтез" Орусиядагы мунай иштетүүчү ири ишканалардын бири. Завод былтыр жазында чабуулга туш болуп, айрым жабдыктары иштен чыккан.

Орусиянын Telegram каналдары өрттүн видеосун, сүрөттөрүн жарыялап жатышат.

Нижний Новгород облусунун губернатору Украина дрон менен Кстового чабуул жасаганын ырастап, "атып түшүрүлгөң дрондун бөлүктөрү Кстово өнөр жай аймагынын ишканаларынын бирине түшкөнүн" жана натыйжада өрт чыкканын билдирди. Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Ушул эле түнү Смоленск облусунда дрондордун бири “өзөктүк станцияга чабуул маалында” атып түшүрүлгөнүн губернатор Василий Анохин билдирди. Анохин кайсы объект жөнүндө айтып жатканын тактаган жок.

Шаршемби күнү эртең менен дрон Белгород облусунун Разумное айылындагы турак жайга тийгенин губернатор Вячеслав Гладков билдирди. Маалыматка караганда, эки жашар бала жана анын апасы каза болду.

Өткөн түнү Санкт-Петербург жана Казан, эртең менен Мурманск аэропортторунда учак каттамдары убактылуу токтотулду.

Орусиянын Коргоо министрлиги Курск, Брянск, Смоленск, Тверь, Белгород, Нижний Новгород, Калуга, Ростов жана Ленинград облустарынын үстүнөн жалпысынан 104 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Согуш жүрүп жаткан жерлерден түшкөн маалыматты ыкчам түрдө көз карандысыз тараптардан тастыктоо мүмкүн эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG