Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Жетим балдарга ЖРТнын чегин 100гө түшүрүү сунушталды


Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.
Окуучулар Жалпы республикалык тест тапшырууда. 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллын жетим балдар үчүн 100гө түшүрүүнү сунуштады. Депутат бул тууралуу 29-январдагы сессияда айтып, Билим жана илим министрлиги жетим балдарды тестирлөөгө даярдашы керек экенин билдирди.

“Биринчиден, Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТга даярдоо боюнча мүмкүнчүлүк түзүп берсин. Майыптыгы бар адамдарга босого чек 105 деп түшүрүлгөн. Аны 100гө түшүрүп туруп, жетим балдарды ушул категорияга кошуш керек. Бул балдарга жакшы жардам болмок”, - деди Маматалиев.

Ушул тапта Кыргызстанда ата-энеси жок 1 868 томолой жетим бар. 2022-жылы Социалдык фонд атасынан да, энесинен да айрылган балдардын пенсиясы 6 миң сом болгонун билдирген.

2024-жылы президент Садыр Жапаров мамлекеттик “Келечекке салым” балдар депозитин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, “Айыл банкта” өлкөдөгү томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, 500 миң сомдон салынат. Балдар аны 18 жашка чыкканда ден соолугуна, жашоо-шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшаса болот.

Өлкөдө 100дөй мектеп-интернат бар. Аларда канча бала тарбияланып жатканы жөнүндө маалымат жок.

Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллын 110 деп белгилеген. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG