Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти


Ош–Бишкек жолундагы кар көчкүнү тазалоо. ӨКМдин сүрөтү.
Ош–Бишкек жолундагы кар көчкүнү тазалоо. ӨКМдин сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-январдан 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. Аталган мекеме Каракол–Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү ыктымал экенин белгиледи.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, мындан улам узак жолго чыккандарды машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сактоого чакырды.

27-январда Бишкек–Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзгөн.

Маалыматта айтылгандай, аталган тилкеде кеминде жалпы көлөмү 143305 куб метр кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.

22-январда Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, алты жеңил автоунааны жана бир “Спринтер” үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил машина толук көчкү алдында калган.

Куткаруучулар кар көчкүнүн алдында калган автоунаадан төрт жаранды алып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Көчкүнү тазалоо иштери жана башка тилкелерде карды атып түшүрүү иштери күчөтүлгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG