Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

30-январдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндуз -4…-9.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 0…2° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG