Жогорку сот өзүнүн токтому менен Кыргызстанда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаевди актаган чечимдерди күчүндө калтырды. Токтом 2024-жылдын 18-ноябрында чыкканы бүгүн 29-январда белгилүү болду. Маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.
Биринчи май райондук соту былтыр 8-майда Матмусаевди актаган чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту 11-сентябрда бул чечимди күчүндө калтырган.
2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ балдар күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.
Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кеткен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине “Шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.
Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Ага да “Шалаакылык” беренеси менен айып тагылган.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Айзада Канатбекованын иши боюнча укук тартибин коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери жазасыз калганын сындаган.
Жабыркаган тарап өз убагында аракет кылса жана кайдыгерлик болбосо кыздын өмүрүн сактап калууга болмок деп милицияны айыптап келет. (КЕ)
Шерине