Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин Азамат Жамангулов аткарат


Азамат Жамангулов.
Азамат Жамангулов.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалды. Бул тууралуу 29-январда президенттин сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, буга чейинки министр Нурия Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Парламентте Кутнаеванын ишине сын айтылып келген. Ал министр кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.

Министрди дайындоо үчүн Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

38 жаштагы Азамат Жамангулов буга чейин “Мега” компаниясынын Мобилдик финансылык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчылыгын аркалаган. Жаңы министр тууралуу ачык булактарда көп маалымат жок. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG