Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

УКМК Өзбекстанга мыйзамсыз дары жана тамеки ташыган канал аныкталганын билдирди


УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.
УКМК тараткан видеодон алынган сүрөт.

Баткенде Өзбекстандын жаранына өзгөчө көзөмөлдөгү дары-дармекти алып өтүүгө көмөктөшкөн деген шек менен кыргыз жараны кармалганын 29-январда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кадамжай районунун чек ара аймагында өзбек жаранына "Тропикамед", "Регопен" дары каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда М.у.Э. аттуу кыргыз жараны кармалды. Тинтүү учурунда жанынан 396 даана "Тропикамед", ал эми жашаган жеринен 25 даана "Регопен" таблеткасы табылган.

Кыргызстандын дагы бир жараны Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган деп шектелүүдө. Кадамжай районунда жашаган Т.у.М. аттуу жаранды тинтүү учурунда баасы 4 миллион сомго жакын акцизсиз тамеки продукциясы табылган. Мында салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 миллион 335 миң сомго жакын зыян келтирилгени айтылды.

"Тропикамед", "Регопен" күчтүү дары болгондуктан дарыгердин рецепти менен гана сатылат.

Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында аткезчилик менен жүк өткөрүү фактылары улам катталып турат. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG