Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

28-январь: Украинада 30га жакын борборазиялык туткунга түштү, Бишкекте зоопарктагы өрттөн жети жаныбар өлдү


Украин армиясынын колуна түшкөн согуш туткундары, 25-апрель, 2024-жыл
Украин армиясынын колуна түшкөн согуш туткундары, 25-апрель, 2024-жыл

28-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Матцаковдун адвокаттары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты

28-январда Бишкек шаардык соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча анын адвокаттарынын арызын карады. Адвокаттар ишти карап жаткан судьялар коллегиясынын эки судьясына жана прокурорго ишенбестик көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилгенин учкай айтты

Президент Садыр Жапаров 28-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара кандай шартта чечилгенин жана качан толук бүтөрүн айтып берди. "Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. “Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет", – деди президент.

Бишкектеги зоопаркта өрт чыгып, жети жаныбар өлдү

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопаркта өрт чыгып, саат 08:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерден салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү.

Майлуу-Сууда милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштады. Облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Майлуу-Суу шаардык милициясынын эки кызматкери менен жергиликтүү эки тургун 19-январь күнү мушташып кетишкендиги аныкталган. Учурда төртөө тең ооруканада жатат.

Сот Елена Калашниковага 150 миң сом айып салганы белгилүү болду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитовго 150 миң сомдон айып салганы белгилүү болду. Мекемеден билдиргендей, өкүм 2023-жылы 18-августта чыккан. Анда Калашникова жана орун басары Валитов Кылмыш-жаза кодексинин 41-берененин экинчи бөлүгү ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 245-берененин үчүнчү бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен күнөөлүү деп табылган.

Аш-той жана маркумду узатууда ашыкча чыгым кылгандарды жоопко тартуу сунушталды

Кыргызстанда каада-салт, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө, маркумду узатууда ысырапкорчулукка чек коюу сунушталууда. Буга байланыштуу "Укук бузуулар жөнүндө кодекске" өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна коюлду. Мыйзам долбоору жарандардын социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык абалына, үй-бүлөлүк каржысына жана жашоо-турмушунун моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирип жаткан ысырапкорчулукту чектөө максатында иштелип чыкканы документтин негиздеме-маалымкатында белгиленген.

АКШ качкындар программасы боюнча арыз кабыл алууну токтото турууну чечти

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы качкындарды кабыл алуу программасын токтото турууну чечкенин жарыялады. Президент Трамптын жарлыгында арыздарды кайра кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ал үчүн ар 90 күн сайын Улуттук коопсуздук боюнча катчы президентке программанын кайра жанданышы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келбегендиги тууралуу отчет берип турушу зарыл. "Азаттыктын" украин кызматы бул чечим согуштан качкан украиндерге жардам көрсөткөн United for Ukraine (U4U) программасына да тиешелүү экенин жазды. Президент Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.

Украина: Согуш башталгандан бери 30га жакын борборазиялык туткунга түштү

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден бери украин аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30га жакын жаранын туткунга алды. Бул тууралуу Украинанын юстиция министри Ольга Стефанишина "Азаттыктын" украин кызматына билдирди. «Аскердик туткундардын жарандыгы тууралуу маалымат көбүнчө алардын айтканы менен такталат. Анткени көпчүлүк учурда алардын жанында жарандыкты тастыктаган документтер жок», - деп айтылат маалыматта. Мекеме согуш туткундары жарандыгына карабастан, эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларда бекитилген бирдей укуктук статуска ээ экенин кошумчалады. Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар каза тапканын аныктаган.

Сот Путинге кайрылган кыргызстандыкты Орусиядан чыгарууну чечти

Свердлов облусунун Первоуральск шаарындагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборунда жаткан Кыргызстандын жараны Аваз Абдуллаев бул өлкөнүн президенти Владимир Путинге кайрылды. Бул тууралуу Орусиянын ЕАН (“Европейско-Азиатские новости) басылмасы Уралдагы качкындардын ассоциациясынын президенти Людмила Лукашевага шилтеме берүү менен жазып чыкты. Лукашева билдиргендей, 32 жаштагы Абдуллаев президенттин сайтына арыз жөнөткөн. Анда ал мамлекет башчынын 2025-жылдын 30-апрелине чейин мигранттарды өлкөдөн чыгарууга киргизген мараторийин убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери көзгө илбей жатканына даттанган. Кыргызстандык жаран Путинге жолдогон катында өзүн бошотууну талап кылып, ал кармалган жайдын шарттары талапка жооп бербей турганын жазган. Свердлов облусунун полициясынын басма сөз катчысы Валерий Горелых ЕАН басылмасына сот Абдуллаевге 2 миң рубль айып пул салып, өлкөдөн чыгарууну чечкенин билдирген.

Сербияда студенттердин нааразылыгынан кийин премьер-министр кызматтан кетти

Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич студенттердин бир нече аптага созулган нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кетти. "Бүгүн эртең менен мен президент менен көпкө сүйлөшүп, ал менин чечимимди, аргументтеримди кабыл алды", - деди Вучевич. Өкмөт башчы Сербияда эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акциялары “чет өлкөдөн уюштурулган” деп эсептейт. Белград жана өлкөнүн бир катар башка шаарларындагы жапырт нааразылык акцияларга Сербиянын түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы кырсык түрткү болгон. 1-ноябрда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган.

Ташкент дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты

27-январдын кечинде IQAir маалыматы боюнча Өзбекстандын борбор шаары Ташкент абасы эң булганган шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, 27-январда эртең менен Өзбекстандын баш калаасы бул рейтингде жетинчи орунга түшүп, абадагы PM2.5 концентрациясы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуш кылган жылдык орточо көрсөткүчтөн 22,6 эсе жогору болгон. IQAir жаңы рейтингинде Бишкек 12-орунга, Алматы 32-орунга жайгашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG