Кыргызстандын Улуттук банкы аралыктан, электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча берилүүчү насыянын суммасын 200 миң сом (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана мүмкүнчүлүгү кеңейтилген келишим боюнча 300 миң сомдон ашырбоону сунуштоодо. Аталган мекеме санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга багытталган токтом долбоорун коомдун талкуусуна чыгарды. Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык видеобайланыш аркылуу берилген насыянын суммасын 15 миң сом деп белгиленген.
"Улуттук банк Кыргызстандын аймагында алдамчылык аракеттеринин активдүүлүгүнөн улам, жарандардын кызыкчылыгын коргоону, ошондой эле калктын банк системасына карата ишенимин сактоону камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. Улуттук банк айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом финансы-кредит уюмдарынын кардарларынын кредиттерди аралыктан тейлөө ыкмасы менен тариздөөдө алдамчылык аракеттерге дуушар болуусун азайтуу максатында кабыл алынды. Алдамчылык аракеттердин мүнөзүн эске алуу менен, Улуттук банк ченемдик укуктук актылар "токтотуп туруу мезгили" түшүнүгү менен толукталып, аралыктан берилген насыялар үчүн минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленген", - деп жазылган документте.
Ошондой эле кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин карыз алуучуга каражаттарды которууга мүмкүн болбогон минималдуу токтотуп туруу мезгили бөлүгүндө кошумча тактоолор киргизилет.
Жободо 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки насыялар үчүн минималдуу мезгил 4 саатты, ал эми 100 000 сомдон жогоркулар үчүн 12 саатты түзөт.
Каражаттар түздөн-түз сатуучуга которулган кредиттер өзгөчө болуп саналат. Мындай операциялар үчүн токтотуп туруу мезгили колдонулбастыгы, бул максаттуу кредиттик программаларды ишке ашырууну жеңилдетери жана арыздарды иштеп чыгууну тездетери белгиленген.
Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, киберкылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.
Тиешелүү мамлекеттик органдар, банктар интернет колдонуучулар, жарандар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет.
Шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларды колдонушат.
Буга чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирген.
ИИМдин былтыр октябрдагы маалыматына ылайык, тогуз айда телефон шылуундарына жарандар 903 млн сом акчасын уурдаткан. Бул сумманын 447 млн сому кайтарылган. (КЕ)
Шерине