Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-январда майыптыгы бар адамдарды зордуктоо үчүн өмүр бою абакка кесүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду. Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков мыйзам долбоору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жыныстык кол тийбестик укугун, кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Буга чейин өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы кылмыш жасаган аялдарга, жашы жете электерге жана кылмыш жасаган учурда 60 жаштан ашкан эркектерге колдонулчу эмес. Бирок май айында күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жашы жете электерди зордуктоого айыпталган адам 60 жаштан ашса дагы өмүр бою эркинен ажыратылат.
"Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар кыйноого арбын дуушар болору айтылып келет. Өткөн жылы Токмокто майыптыгы бар эгиз кыздарды зордуктоого шектелип бир адам кармалган.
Каракол шаарынын тургуну 24 жаштагы майыптыгы бар кызын эки адам зордуктаганы тууралуу милицияга арызданган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин апрелдеги маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 213 миңден ашат. Анын 37 миңи 18 жашка чейинки балдар.(КЕ)
Шерине