Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Таш-Көмүрдө бир айдан бери дайынсыз адамды издөө токтотулду


ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Январь, 2025-жыл.
ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Январь, 2025-жыл.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургунун издөө 17-январда токтотулду. 2024-жылдын 15-декабрынан бери табылбай жаткан жаранды изөөнү токтотуу анын туугандарынын макулдугу менен кабыл алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Сүттүү-Булак жайлоосуна мал кайтарганы чыккан бойон дайынсыз кеткен М.Д. аттуу адамды издөө 17-декабрдан бери жүргүзүлүп келген.

Жоголгон жаранды издөөгө куткаруучулардан тышкары анын туугандары, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү элден ыктыярчылар да чыгып келишкен.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG