Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-январда маалымагандай, 2024-жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдөн 15 жарандын сөөгү алып келинди. Алар кайсы өлкөлөрдөн экени тууралуу так маалымат берилген жок.
ТИМдин маалыматына ылайык, "Жүк-200дү" алып келүүгө министрликтин жетекчилиги менен Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери көмөктөшкөн.
Ошондой эле аталган мекемелер декабрь айында 1903 кыргыз жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөттү. Кызматкерлер Орусиянын Екатеринбург, Санкт-Петербург, Сургут жана Южно-Сахалинск шаарларындагы убактылуу кармоочу жайларда жана Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан “Чаталжа” депортация лагеринде кармалып турган кыргызстандыктар менен жолугушкан.
Түркиянын Анталья жана Мугла, Түштүк Кореянын Аньян, Украинанын борбору Киев шаарларында, Орусиянын Кемерово жана Новосибирск облустарында, Мордовиядагы жана Якутиядагы, Казакстандын Караганды жана Өзбекстандын Навои шаарларында түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 126 жараны менен консулдук жолугушуу өткөрүлгөн.
Мындан тышкары Орусиянын Иркутск, Казан, Рузаевка, Южно-Сахалинск, Улуу Британиянын Лондон, Индиянын Нью-Дели жана Ирандын Тебриз шаарларындагы пенитенциардык мекемелерде кылмышы үчүн камакта жаткан кыргызстандык 7 жаран менен да жолугушуу болгон. Жыйынтыгында жалпысынан Кыргызстандын 41 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу же жеңилдетүү маселелери каралып, дагы 7 адамдын кылмыш жазасын жеңилдетүүгө жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлгөн.
ТИМдин жардамы менен декабрь айында Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Казакстан, Катар, Кытай, Орусия, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрүндө оор турмуштук кырдаалга туш болгон 18 жаран жана Казакстанда ошондой абалга туш болгон 4 бала Кыргызстанга алынып келинген.
ТИМ 2024-жылы ноябрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 17 кыргызстандык жарандын сөөгүн алып келишкенин кабарлаган.
Мекеменин болжолдуу маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 605 миңдин тегерегиндеги жараны жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Ал эми орус тараптын расмий маалыматына караганда, 2024-жылдын биринчи жарымына карата 334 миңге жакын кыргызстандык жаран миграциялык каттоого турган.
Былтыркы жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болгон. Алардын 1370и Орусияда. (ZKo)
Шерине