Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Казакстанда беш баласы өрттөн каза болгон аялга өкүм чыкты


Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусу.
Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусу.

Казакстандын түндүгүндөгү Костанай облусунун Житикара райондук соту өрттөн каза болгон беш баланын энесине өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы аталган соттун басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Иштин материалдарында аял балдарынын улуусуна мешке от жагууну тапшырып, аларды кароосуз калтырганы айтылат.

«Уулу мештин ичиндеги отун, көмүр жана турмуш-тиричилик таштандысын өрттөп, желим бөтөлкөлөрдү мешке ыргытып жибергендиктен жалын тутанып, отко айланган. Өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Соттолуучунун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, окуя болгон жерди кароонун протоколу жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен далилденди», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Прокурор айыпталуучуну беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну суранды. Жабыркаган тараптын өкүлү (райондук акимчиликтин ишке орноштуруу жана социалдык программалар бөлүмү) соттолуучунун багуусунда жаш баласы (алтынчы баласы аман калган) болгондуктан ага эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берүүнү суранган.

Соттолуучу өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын айтып, аны эркиндигинен ажыратпоону өтүндү.

Ага коюлган беренеде жаза катары беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Сот эң аз мөөнөт беш жыл экенин белгилеп, аялдын жашы жете элек баласы бар экенин эске алуу менен убактылуу эркиндигинен ажыраткан жок.

2024-жылдын 11-октябрында, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Житикара районундагы жеке менчик короодон өрт чыккан жерде урандылар астынан беш баланын сөөгү табылган. Өрттөн улам турак жай кыйрап, чатыры урап калган. Куткаруучулар келгенге чейин үй толугу менен күйүп кеткен.

Ураган учурда үйдө 2011, 2016, 2018, 2019, 2022, 2023-жылы туулган балдар чоңдордун көзөмөлү жок жалгыз болгон. Бир гана 2011-жылы туулган балдардын улуусу аман калган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG