Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ЖАК Зарина Төрөкулова абактын катаал шарттагы корпусунда экенин билдирди


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Жазаларды аткаруу кызматы жарандык активист Зарина Төрөкулова №2 түзөтүү мекемесинин катаал шарттагы корпусунда экенин билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы активисттин саламаттыгы канааттандырарлык экенин, ага тамак-аш жана керек болгон турмуштук шарттар түзүлүп берилгенин "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, Төрөкуловадан абактын кармоо шартына жана администрациянын аракеттерине байланыштуу арыз түшкөн эмес.

"№2 түзөтүү мекемесинде (жалпы режимдеги аялдар абагы) жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Зарина Төрөкулова Жаза аткаруу кодексинин 124-беренесинин негизинде ("Жалпы режимдеги түзөтүү абактары") катаал шарттагы режимге которулган. Мындай чечим соттолуучунун ички тартипти системалуу бузуп, бир нече жолу дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганы себеп болду. Зарина Төрөкуловага мекемеге келгенден тарта ички тартип жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Профилактикалык иш-чараларга карабастан соттолуучу белгиленген нормаларды бузууну уланткан", - деп жазылган ЖАКтын маалыматында.

15-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сеид Атамбаев №2 түзөтүү мекемесинде отурган жарандык активист Зарина Төрөкулованын ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганын айтып чыккан. Эл өкүлү ага Төрөкулованын кызы кайрылганын, ал №2 түзөтүү мекемесинин шарттарына, кыйноолорго көңүл бурууга чакырган.

Зарина Төрөкулова буга чейин абактын айып изоляторуна 15 сутка отурганы айтылган. Анын жакындары бул үчүн абактын жетекчилигин айыптап, акыйкатчыга, Жазаларды аткаруу кызматына кайрылышкан.

ЖАК Зарина Төрөкулова жаза өтөө учурунда бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы үчүн ушундай жаза колдонулганын "Азаттыкка" билдирген.

Зарина Төрөкулованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2023-жылы 11-сентябрда “жапырт башаламандыкка” шек санап камаган. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен иш козголгон. Активист өзүнө коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган. Былтыр 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, 3-июлда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган жана ал кайра камалган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG