Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Тажикстан: Өмүр бою кесилген памирлик активист түрмөдө каза болду


Кулмамад Паллаев
Кулмамад Паллаев

13-январга караган түнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абакта памирлик активист Кулмамад Паллаев каза болду. "Озоди" радиосу 50 жаштагы жарандык активист Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун тургуну болгонун жазды.

Ал 2022-жылы Тоолуу Бадахшанда кармалган. Паллаев менен кошо дагы тогуз активист "терроризм", "атайылап киши өлтүрүү" жана "мамлекетке чыккынчылык" беренелери менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Тажикстандык эркин журналист Анора Саркорова 13-январда социалдык тармактагы баракчасына Кулмамад Паллаев буга чейин ашказаны ооруп жүргөнүн айтканын жазды.

«Саясий туткундун абалы бир нече күн мурун кескин начарлап кеткен. Бирок ага карабастан Тажикстандын Юстиция министрлигине караган тергөө абагынын жетекчилиги медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчтөрүн четке каккан», - деп жазды журналист.

Баш кеңсеси Польшада жайгашкан "Тажикстандагы саясий барымтадагыларды жана туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитет" 14-январда Паллаевдин абактагы өлүмүн “аянычтуу” деп атады.

«Кулмамад Паллаевдин өлүмү Рахмон режиминин абактары кыйноо жана психологиялык басым жайларына айланганынын ачык мисалы», - деп айтылды уюмдун билдирүүсүндө.

Тажикстанда 2022-жылы май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылыкты басуу учурунда, расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган. Окуяга байланыштуу Жогорку сот беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Жүздөгөн киши камалган. 14-июнда Жогорку сот аймактагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын "экстремисттик" деп жарыялап, анын өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган. Бул чечим эл аралык уюмдардын сынына кабылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG