Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Украина менен Орусия 25тен туткун айырбаштады


Украиналык жоокерлер. 15-январь, 2025-жыл.
Украиналык жоокерлер. 15-январь, 2025-жыл.

15-январда Украина менен Орусия туткундарды алмашты. Украин президенти Владимир Зеленский Телеграмга жазгандай, 25 украиналык туткун мекенине кайтты. Киев Орусияга 25 кишини өткөрүп берди. Бул быйыл жыл башынан берки эки тараптын биринчи туткун алмашуу жараяны.

"Бүгүн биздин дагы 25 адам Украинага кайтып келди. Булар биздин аскерлер жана жарандар. Алардын арасында Мариупол менен Азовсталды, ошондой эле Харьков, Донбас, Запорожье, Херсон облустарын коргогон жоокерлер бар. Арасында оор жаракат алгандар бар. Ар бирине бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат украин президентинин телеграм баракчасында.

Зеленский туткун алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын жардамы менен ишке ашканын кошумчалады. 25тен туткун алмашуу болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктады.

Маалыматка караганда, Орусиянын аскер кызматкерлери Беларустун аймагына чыгарылды. Алар Орусиядагы госпиталдарга дарылануу үчүн жеткирилерин кошумчалады.

Буга чейин туткун алмашуу 2024-жылы 30-декабрда болгон. Ал кезде Украинага 189 жаран кайтып келген. Арасында жай тургундар да бар. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG