Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

ЖАК Ташовдун ачкачылык жарыялоого байланыштуу айткандарын төгүндөдү


Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Жазаларды аткаруу кызматы KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун мыйзамдуу укуктары бузулуп, 13-январдан тартып ачкачылык жарыялаганы тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматы Ташовдун айткандары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

"И.Ташов мекеменин жетекчилигине себептерин көрсөтүү менен ачкачылык жарыялоо тууралуу арыз менен кайрылган эмес, ошондой эле ички эрежелерде белгиленген мөөнөттө тамак-аштан баш тарткан эмес", - деп жазылган мекеменин маалыматында.

Ошондой эле ЖАК шектүүлөрдү камакта кармоо тартибин жана эрежелерди белгилеп, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын туруктуу көзөмөлү бар экенин кошумчалаган.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов дүйшөмбү кундөн тартып ачкачылык жарыялаганын 14-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтып, тергөө абагынын администрациясына жазган катын көрсөткөн. Катта аталган абакта 2024-жылдын 20-декабрынан тартып абактагы шектүүлөрдү кыйноолор башталганы, текшерүүлөр күчөп, кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жазылган. Ал буга каршылык көрсөтүп ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Имамидин Ташов 2024-жылы 6-декабрда ачкачылык жарыялап, 18-декабрда токтоткон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасынан Казакстан тараптан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда. Ишкер коюлган кинени четке кагып келет.

Ишкер былтыр июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Ал былтыр октябрь жана декабрь айларында өзүнө үч жолу кол салган. Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG