Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

ГСДП немис канцлерлигине Олаф Шольцтун талапкерлигин жактырды


Олаф Шольц
Олаф Шольц

Германиянын Социал-демократиялык партиясы ишембиде чукул чакырылган сьездинде азыркы федералдык канцлер Олаф Шольцтун талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагалыгына көпчүлүк добуш менен колдоду. Добуш берүү ачык өттү.

66 жаштагы Шольц курултайда сүйлөгөн сөзүндө Бундестагда күтүлүп жаткан шайлоо өлкө үчүн чечүүчү болорун билдирип, Германия учурда "чиеленишкен жолдо" турганын белгиледи.
Ал шайлоодо немистер "туура эмес багытка бурулчу болсо, жаңы өлкөдө ойгонушарын" эскертип, "буга жол бербөө керектигин" айтты.

Учурда дүйнө эң оор кырдаалды башынан кечирип жатканын, бул Германия өкмөтүнөн этият, ачык жана мол тажрыйба менен аракеттенүүнү талап кыларын айтты. Шольц Украинадагы кырдаал, АКШ, Австрия сыяктуу көп өлкөлөрдө куру сөз популисттер баш көтөрүп, "Батыштагы демократиялык институттарды бузуу үчүн иштей баштаганы" өзгөчө тынчсыздануу жаратып жатканын белгиледи.

"Эгер Путин зомбулук менен чек арасын жылдырса, Европа чоң коркунучка кептелет", - деди ал.

Шольц Берлиндин Киевге жардам берүүсү, анын ичинде аскердик жактан көмөктөшүүсү өзгөрүүсүз каларын билдирди. Канцлер Германия Украинага эң көп жардам берген өлкө катары гана калбастан, Украинанын коопсуздугу үчүн дагы көп аракеттенүүгө" убада берди.

Канцлер Украинадагы согуш Орусия талап кылгандай шартта тынчтык жолу менен токтоого тийиш эместигин белгиледи.

Олаф Шольц АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Гренландия тууралуу билдирүүсүнө жооп кылып, чек аралардын кол тийбестик принциби бардык өлкөлөр үчүн бирдей экенин, аны ар бир мамлекет карманууга милдеттүү экенин эскертти.

ГСДПнын съездинде Бундестаг шайлоосу үчүн партиянын программасы да кабыл алынды. Анда калктын кирешеси көп эмес катмарына салыкты азайтуу, ал эми байлар үчүн тескерисинче көбөйтүү жазылган.

Бундестагда шайлоо 23-февралда өтөт. Адатта канцлер парламент тарабынан коалициялык партиялардын макулдугу менен шайланат.

Учурда Германияда шайлоочулардын рейтингинде консервативдүү күчтөрдүн ХДС/ХСС блогу турат. Аталган блок канцлерликке ХДСтин лидери Фридрих Мерцти тандаган. Ушундан улам эксперттер Шольцтун кайралан канцлер болуп калуу ыктымалдыгы аз экенин айтышууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG