7-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндуз 0…-5
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 6…8° жылуу болот.
Шерине