Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) маалымдагандай, 30-декабрдан 5-январга чейинки аралыкта Кыргызстанда 13 685 жол эрежеси бузулган учур катталган. Мунун ичинен 312си айдоочулар алкоголдук ичимдик ичип, рулга отурган учур.
Эң көп (3114) эреже бузуу ылдамдыктан ашыра айдоого байланыштуу болгон.
Мындан тышкары автоунааны тиешелүү документсиз айдоо, жөө адамдарды өткөрбөө, автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу, жасалма номурлар менен айдоо жана башка мыйзам бузуулар катталган.
Бир жума аралыгында 1361 машине айып токтотмо жайына киргизилди.
Жол коопсуздугун сактоо мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда мас болуп машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга баруудан баш тартса, үч суткага камакка алынат.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочу унаа башкаруу укугунан эки жылга чейин ажыратылат. Эгерде экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат. Андан тышкары автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда айтылгандай, наркологияга баруудан баш тарткан айдоочулар эки жылга чейин рулга отура албайт.
Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы 7810 айдоочу мас абалында машине айдаганы аныкталып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган. Кыргызстанда мас болуп машине айдагандардын айынан адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталган окуялар бар. (ZKo)
Шерине