Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

ТИМ Мексикада дайынсыз болгон кыргыз жараны изделип жатканын билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрация.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Иллюстрация.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги (ТИМ) Мексикада дайынсыз болуп жаткан кыргыз жараны жөнүндө маалымат таратты.

ТИМдин тийиштүү мекемелери АКШнын, Орусиянын, Казакстандын Мексикадагы элчиликтери аркылуу кыргыз жаранын издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. ТИМ Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргызстандыкты издөөгө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

ТИМдин маалыматында, аталган жаран Мексиканын Канкун шаарынан Бишкекке учуп келмек.

Буга чейин алып баруучу Ассол Молдокматова Жаныбек аттуу кыргызстандык чет өлкөдө изделип жатканы жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына жазган. Молдокматованын маалыматына караганда, ал 29-декабрда АКШдан Канкун шаарына учуп, андан Кыргызстанга келмек. Ал 12 жылдан бери АКШда жашап, бардык документтери жайында болгон. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG