Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Жаңы Орлеанда машине жоон топ адамды сүзүп, он кишинин өмүрү кыйылды


Жаңы Орлеандагы атышуунун кесепети. Иллюстрациялык сүрөт.
Жаңы Орлеандагы атышуунун кесепети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Жаңы Орлеан шаарында көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машине сүзүп, ондой кишинин өмүрү кыйылды. Отуздан ашууну жарадар экенин NOLA Ready агенттиги билдирди. Өзгөчө кырдаалдарга даярдык үчүн жооп берген бул агенттик шаар тургундарын окуя болгон Бурбон-Стрит районунан оолак болууга чакырды.

Жараат алгандар жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Окуя студенттердин футбол мелдешине бир нече саат калганда болду. Caesars Superdome стадионунда өтө турган бул иш-чарага миңдей киши чогулары күтүлүп жаткан.

Машиненин айдоочусу чогулгандарды жиреп сүзүп, андан кийин чыга калып аткылаган. Жериндеги полиция кызматкерлери жооп катары, ага каршы ок чыгарган. Эки полиция кызматкери жараат алганы маалым болду. Ал ким экени, кандай максат менен бул кадамга барганы азырынча белгисиз.

Калаба жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат үчтөрдө болду.

Бурбон-стрит - популярдуу туристтик район болуп саналат.

20-декабрда Германиянын Магдебург шаарында Рождество майрамынын алдында уюштурулган жарманкеде чогулгандарды автоунаа тебелеп, беш киши кайтыш болгон. Шектүү Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экени аныкталган. Ал Германияга 2006-жылы биринчи жолу келгенин, 2016-жылы качкын макамын алганын кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG