Орусиянын армиясы 1-январга караган түнү Украинанын аймактарына жүздөн ашуун дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди. Кол салуунун жыйынтыгында Киевде бир аялдын өмүрү кыйылып, алты киши жараат алды. Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, алардын экөө ооруканага жеткирилип, төртөөнө жеринен жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары трамвай жолдору жарактан чыкты.
Баш калаанын Печерский районунда соккудан улам батирлердин биринде өрт тутанып, дагы бир үйдүн үстүңкү эки кабаты талкаланды.
Украин аскерлери маалымдагандай, эртең мененки саат 9.30га карата Полтава, Сумы, Киев, Чернигов, Черкассы, Запорожье жана башка аймактарда 60тан көп дрон атып түшүрүлдү.
31-декабрда дагы орус күчтөрү Украинанын аймактарына жапырт ракеталык чабуул жасаган. Киевде ракетанын сыныктары менчик үйдүн чатырына түшкөн. Ал эми Сумы облусундагы Шостка шаарында 12 көп кабаттуу үй, билим берүү мекемелери жана башка инфратүзүм объектилери жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги адатта Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объектилери бутага аларын билдирип келет.
Шерине