Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Министрлик бардык бала бакчаларга видео камералар орнотуларын билдирди


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири.
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 30-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда бардык бала бакчаларга видео камералар орнотуларын кабарлады. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта өлкөдөгү бала бакчалардын 67% видео көзөмөл бар. Калган 37% орнотуу маселеси каралып жатат.

“Видео көзөмөлдү орнотуп эле отуруп калбай биз Ички иштер министрлиги менен да сүйлөшүп атабыз. Кийин видео камералар “Коопсуз шаар” деген долбоор менен интеграцияланат. Бала бакчада эмне болуп жатканы көзөмөлдө турушу керек”, - деди ал.

Бала бакчаларга видео камера орнотуу талабы Чүйдүн Сокулук районундагы №4 “Сокулук алтын балалык” бала бакчасында 22-октябрда беш жашар Алия аттуу кыз чарчап калгандан кийин талап кылына баштаган.

2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы “Кенжетай” бакчасында балдар сабалганы тууралуу видео тараган. Андан бакчанын кенже тобундагы балдар тамак ичип жатканда тамак жебей ыйлаган балага арткы фондо отурган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка баланы далыга чапкылап жатканы тартылган.

Тасманы интернетке тараткан адам балдардын жеп жаткан тамак-ашынын сүрөттөрүн да жарыялаган. Анда балдарга берилген азык-түлүк сапатынын начарлыгы, бала бакча санитардык талапка жооп бербей турганы көрсөтүлгөн.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (“Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) боюнча кылмыш иши козголгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG