Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Президент Жапаров "түрмөлөрдө тартип болушу керектигин" билдирди


Садыр Жапаров, "Кабар" агенттигине маек куруп жаткан учуру. 28-декабрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров, "Кабар" агенттигине маек куруп жаткан учуру. 28-декабрь, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров узап бараткан аптада Кыргызстандын абактарындагы окуялар боюнча комментарий берди. Мамлекет башчы 28-декабрда "Кабар" агенттигине маек куруп, социалдык тармактарда тарагандай абактарда киши өлүмү болбогонун, тинтүү туура жасалганын, түрмөлөрдө тартип болушу керектигин айтты.

Мамлекет башчы маалыматтарды Орусиядагы иш сапары учурунда интернеттен окуп, Кыргызстанга чалып, тактаганын, абактарды тинтүү учурунда 700гө жакын кол телефондор алынганын билдирди.

Абакта отургандар телефонду эркиндиктеги адамдарды алдап, шылуундук кылып, акчасын тоноо үчүн колдонушарын айтып, бул үчүн бир катар мисалдарды келтирген. Өзүнүн жана биринчи айымдын атын сатып, 30-50 миң сомдон акчасын алып койгон учурлар болгонун, андай кылтакка өздөрүнүн эле жакындары жана айрым мамлекеттик кызматкерлер илинип калганын айтты.

"Баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек", - деди.

"Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат. Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү".

Мамлекет башчы ишкерлерден «үлүш, отметка» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырып, унчукпай өздөрү «отметка» берген ишкерлер жазага тартыларын эскерткен.

Садыр Жапаров мындан тышкары учурда түрмөлөрдө абал оңолуп, ишканалар иштеп жатканын, алдыңкы 2-3 жылда бардык абактардын ичинде өндүрүш ачылып, шарт түзүлөрүн, анда иштегендердин айлык акысы сырттагыдай жогору болорун кошумчалаган.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши ушундай талап менен аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG