Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Рождестводо Украина жапырт соккуга кабылды


Орусиянын ракета соккусунан кийин тутанган өрттү өчүрүү аракети. Днепропетровск, 25-декабрь, 2024-жыл
Орусиянын ракета соккусунан кийин тутанган өрттү өчүрүү аракети. Днепропетровск, 25-декабрь, 2024-жыл

Шаршембиге караган түнү жана эртең менен Украина жапырт аба соккусуна кабылды. “Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, түн бою көптөгөн облустарда орусиялык дрондордун чабуулунан улам сиреналар жаңырып турду, таңга маал ракеталар менен аткылашты.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов бир нече жерде өрт тутанганын, кеминде үч киши ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Харьков шаарында ондон ашуун жарылуу болду.

Днепропетровск облусу менен Днепр шаары авиациялык жана канаттуу ракеталар менен бутага алынганын аймактын башчысы билдирди.

Сергей Лысактын айтымында, каршы тарап “региондун энергетикалык системасын жок кылууну көздөп жатат”.

Чабуул коркунучун эскерткен сиреналар Киев, Кременчуг, Кривой Рог, Запорожье, Полтава жана Кировоград облустарында да жаңырды.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко энергетикалык жайларга жапырт сокку урулганын билдирди. Өлкөнүн ири энергетикалык компаниясы жылуулук станцияларынын жабдуулары катуу зыянга учураганын маалымдады.

"Укрэнерго" жарыкты керектөө чукул кыскартыларын жарыялады.

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путин соккулардын бутасын гана эмес, атайылап Рождество күнүн тандаганын айтты.

24-декабрда Кривой Рог шаарына коюлган чабуулдан төрт кабаттуу турак жай жабыркап, бир киши набыт болгон, 15и жараат алган.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды, карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат.

Киев андай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG